АМЕРИКА ФУТБОЛУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМЕРИКА ФУТБОЛУ – сүйрү топ менен туурасынан 20 чийинге бөлүнгөн төрт бурчтук аянтта (90x49 м) ойнолуучу командалык спорт оюну. Командада 45 оюнчу (чабуулчулар, коргоочулар жана атайын команда) болуп, 11 кишиден ойношот. Оюн 15 мүнөттүк 4 бөлүктөн турат. Америка футболу 1869-1870-жылдары АКШда пайда болгон. 1900-жылдан

Файл:АМЕРИКА ФУТБОЛУ 48.png

баштап Америка футболу колледж жана университеттердин негизги оюну болуп калган. Анын профессионалдык уюмдары уюшулгандан кийин 1921-жылы Улуттук футболдук лига түзүлгөн. Лиганын эң белгилүү мелдеши – Супер Боул (Суперкубок) кубогу жылына бир жолу өткөрүлөт.