АЛТЫМЫШЕВ Арстанбек Алыбаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫМЫШЕВ Арстанбек Алыбаевич (1930, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак айылы – 2000, Бишкек) – фармаколог, медицина илимдеринин доктору (1968), профессор (1970), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1984; корреспондент мүчө, 1974). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). 1954-жылы КММИни бүтүргөн. Ошол эле институтта ассистент. 1956-1962-жылдары Семей (Казакстан) медицина институтунун ж-а КММИнин фармакология кафедрасынын башчысы, 1969-жылдан Кыргыз ИАнын органикалык химия институтунун лаборатория башчысы, 1980-жылдан институттун директорунун орун басары, 1992-2000-жылдары

Файл:АЛТЫМЫШЕВ 7.png

Биофармакология институтунун директору. 250дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 46 ойлоп табуунун жана 15 монографиянын) автору. Эмгектери Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүн ж-а физиологиялык активдүү заттарды изилдөөгө арналган. Ойлоп табууларынын ичинен «Ликорин», «Карагай» бальзамы, «Чынгыз» арча майынын дарылык жакшы касиети боюнча дүйнөгө таанылган. Мындан башка сергитүүчү-дарылоочу ичимдиктер- «Арашан», «Уссурийский», «Сибирь»,«Гобустан» бальзамдары өндүрүштө чыгарылган.

Эмг.: К фармакологии группы алкалоидов-производных фенантредина (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин). Семипалатинск, 1959; Лекарственные богатства. Ф., 1974.