АЛТАРЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТАРЬ (лат. – altaria, altus сөзүнөн – бийик) – өзгөчө архитектуралык курулуштагы курмандык чалынуучу жай. Ошондой эле христиан чиркөөсүнүн эң маанилүү бөлүгү. Алгач ачык асманда курмандык чалынуучу жайлар болгон. Байыркы Грецияда жана Римде мрамор жана рельефтер менен кооздолгон өзүнчө курулуштар пайда болгон. Христиан чиркөөлөрүндө Алтарь деп ыйык сырларды өткөрүүчү үстөл (такты) аталган, ошондой эле католик чиркөөлөрүндө сүрөттөр жана скульптуралар менен кооздолгон дубалдарды аташкан. Күнүмдүк турмушта Алтарь деп чиркөөнүн бүт чыгыш бөлүгүн аташкан, ал атайын тосмо менен бөлүнгөн, ал эми православдык чиркөөлөрдө (14–15 кылымдар) иконостас деп аталат.