АЛКАДЫРОВА Чолпон Муканбетовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛКАДЫРОВА Чолпон Муканбетовна.(1970-жылы туулган, Бишкек ш.) – экономист, экономика илимдеринин доктору (2015). 1992-жылы КМУну бүтүргөн. Эмгек жолун КМУда окутуучу болуп баштаган. М. Рыскулбеков атындагы КЭУда доцент, профессордун милдетин аткаруучу, кафедра башчысы болуп иштеген. 2025-жылы 1-сентябрдан баштап КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору. Алкадырова Ч. 54 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китебинин автору.