АК-САЙ - Аксы районундагы кыштак.

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-САЙ ‒ Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Ак-Суу айыл аймагына караштуу. Ак-Сай суусунун жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 75 км түштүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 30 км. Калкы 2 029 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Китепкана бар.