АК-ДӨБӨ - Жети-Өгүз районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ДӨБӨ – Ысык‑Көл облусунун Жети‑Өгүз районун­дагы кыштак. Ак‑Дөбө айыл аймагына караш­туу. Ысык‑Көл өрөөнүнүн түштүк чыгышында, Оргочор дөңсөөсүнүн чыгыш этегиндеги түздүктө, деңиз деңгээлинен 1690 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кызыл‑Суу кыштагынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Калкы 1945 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар.