АКРОБАТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Файл:Спорт.jpg
Спорттук акробатика

АКРОБАТИКА (грекче akrobates – бутумдун учу менен басам, бийикке чыгам) – 1) гимнастика ти­биндеги спорттук машыгуулар; 2) машыгуулар­дын көп сандаган топторунан (Акробатикалык секи­рүүлөр, аял‑эркектин же эки эркектин, 3‑4 эр­кектен турган топтун машыгуулары, эркек менен аялдын батутта секирүулөру) турган спорт түрү. Акробатика өнөрү Байыркы Египет, Грекия, Рим, Византия, Кытай, Японияда белгилүү болгон. Орто кылымда акробатиканын кээ бир элементтерин дар­чылар, скоморохтор (Россияда), мимдер (Ита­лияда), жонглёрлор (Францияда) аткарышкан. XVII кылымдын аягынан акробатика циркте кенен тарала баш­таган. Акробатика күч көрсөтүү, жерде секирүү, ийинде ойноо, икарийлик оюндар, ат үстүндө ойноо болуп бөлүнөт. Анын айрым элементтери цирктин бардык жанрында, хореография өнөрү менен театр оюндарында да кеӊири колдонулат.

Файл:Акро.jpg
Файл:Акробатика.jpg
Рингдеги акробатика