АЙТМУРЗАЕВ Ташмурза
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЙТМУРЗАЕВ Ташмурза (18.1.1930‑жылы туулган, Жалал‑Абад облусу, Аксы району, Иренжит айылы) – КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (1999). Физика‑математика илимдеринин кандидаты (1958). КМУну (1952) жана анын аспирантурасын (1956) бүтүргөн. 1963‑1965‑жылдары КМУда декан, ОМПИнин ректору (1965‑1967), ФПИде проректор, декан (1967‑1989), 1999‑жылдан КМУда профессор. Теориялык физика, талаа теориясы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 окуу китептин автору. Медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Электродинамика жана салыштырмалуулуктун атайын теориясы. ЖОЖдор үчүн окуу китеби. Б., 2000.