АЙЛАНТУУЧУ МОМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНТУУЧУ МОМЕНТ – айлануучу нерсенин бурулуу бурчун, бурчтук ылдамдыгын өзгөртүүчү сырткы аракет чени. Ал айлануу огуна карата нерсеге аракет кьлуучу күчтөрдүн моменттери­нин суммасына барабар жана нерсенин бурчтук ылдамдануусу ɛ менен төмөндөгүдөй байланыш­кан: Майл =Iɛ٬ мында I айлануу огуна карата нерсенин инерция моменти.