АДИГИНЕ-ТАГАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДИГИНЕ-ТАГАЙ – оң канат урууларынын айрымдарынын түпкү ата­лары. Санжыра боюнча кыргыз уруулары – оң канат, сол канат жана ичкилик топторуна бөлүнөт. Долон бийдин бир уулу Ак уул, анын Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары жана Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирген. Адигине менен Тагай бардык кыргыз урууларына саясий бийлик жүргүзгөн­дүгүнө байланыштуу оң канат урууларын Адигине-Тагай уруулары деп атап калышкан. Уламыш боюнча Адигине, Тагайдын ата‑энеси эрте дүйнөдөн кай­тып, аларды эжеси Наалы багып чоңойтот. Экөө тең эр жүрөк баатыр болуп чоңоёт, бирок Ади­гиненин мүнөзү жоош, ал эми Тагай кичинеси­нен эле чыйрак чыгат. Муну жакшы билген Наалы эже: «Адигине малга жакынсың, сен чарбага көз сал, Тагай болсо элге жакын, ал эл бийлесин» – деп бийликти Тагайга берген экен. Ошондон тартып Тагай бий аталып, кыргызды башкарып калат. Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча Адигине, Тагай 15‑кылымдын экинчи жары­мы – 16‑кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн инсандар. Кыргыз уруулары Адигине-Тагай урууларына бөлүнгөндүгү тууралуу алгачкы жазма маалыматтар бизге 16‑кылымга таандык Сайф ад-Дин Аксыкентинин кол жазмасы (кара: «Мажму ат-Таварих») аркылуу жеткен. Андагы маалыматтар боюнча оң канат урууларынын «отуз уул тобун» адигине, тагай, муңгуш жана карабагыш уруулары түзөт: кыргыз санжырасында Адигине-Тагай урууларына жалпы оң канат уруулары киргизилет. Тагай уруулук би­рикмесинин курамы: солто, сарыбагыш, жеди­гер, багыш, бугу, саяк, азык, черик жана моңол­дор урууларынан турат. Адигине бирикмесине: баргы, бөрү, жору, сарттар жана карабагыш уруулары кирет. Адигине-Тагай уруу бирикмесинен сырткары оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, алар жагалмай тамга жана кош тамга деп аталган эки ири уруу тобуна ажырайт. Бул уруу топторунун ар бири өз курамына 6–7 урууну камтып турат. Адигине-Тагай бирикмесиндеги уруулар негизинен Кыргызстандын түндүк, борбордук жана түштүк-чы­гыш аймактарында, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын батыш аймагындагы Теңир‑Тоонун этектеринен орун алышкан. Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара‑Суу жана Ноокат райондорунун көпчүлүк жерлеринде, ошондой эле Кытай­дагы Кызыл‑Суу кыргыз автономиялуу облусунда адигине уруулары, тагай уруулары болсо, Талас өрөөнүнөн сырткары Түндүк Кыргызстандын бардык аймактарында, Жалал‑Абад облусунун Тогуз‑Торо,Токтогул, Аксы, Ала‑Бука жана Сузак райондору­нун айрым жерлеринде отурукташкан.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.

Р. Жолдошов.