АБСОЛЮТТУК РЕНТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК РЕНТА – жерге карата болгон жеке менчик монополиясынын чыңдалышынан улам чыккан рентанын формасы; тактап айтканда жерден түшө турган кошумча нарк. Абсолюттук рента жер ээсине жердин күрдүүлүгүнө карабай дайыма пайда алып келип турат.