АБДЫРАИМОВ Асаналы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Асанаалы (1906, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Ак-Кыя кыштагы – 1983, ошол эле жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). СССРдин айыл чарбасынын отличниги (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун батрак, койчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан На-

Файл:АБДЫРАИМОВ46.png

рын облусунун Ак-Талаа районундагы Карл Маркс атындагы колхоздо койчу, баш чабан, 1946-жылдан жылкычы. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун жогорулатууда чоң ийгиликке жетишкен. 1947-жылы 59 бээден 59 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.