АБДУРАЗАКОВ Ишенбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДУРАЗАКОВ Ишенбай (12. 08. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата айылы – 23. 04. 2014, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары) – коомдук жана мамлекеттик ишмер, көрүнүктүү дипломат.

Москва шаарындагы мамлекеттик экономика институтун (1959), СССР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жогорку дипломатиялык мектебин (1970) бүтүргөн. 1959–1962-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинде улук инженер, 1962–1965-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тармагында эмгектенген. 1965-жылдан Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн инструктору, 1971–1975-жылдары СССРдин Япониядагы элчилигинде секретарь, 1975–1990-жылдары Саппоро шаарындагы СССРдин Генералдык консулдугунда консул, СССР ТИМдин 2-Ыраакы Чыгыш бөлүмүндө, Япониядагы элчилигинде кеңешчи, СССР ТИМдин Япония секторунун, бөлүмүнүн башчысы, 1990–1994-жылдары Саппоро шаарындагы СССРдин, кийин Россия Федерациясынын Генералдык консулу, 1994–1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн эксперт-консультанты, КРдин Президентинин кеңешчиси, 1996–1999-жылдары КРдин мамлекеттик катчысы болуп иштеген. И. Абдуразаков СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Посланниги, КРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык жогорку рангага ээ. «Кыргызстан — Япония» коомунун төрагасы болуп иштеген. Үч китептин, 100дөн ашуун илимий-популярдуу макалалардын автору.