«КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ» УЛУТТУК КОМПАНИЯСЫ
«КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ» УЛУТТУК КОМПАНИЯСЫ – жүргүнчү ж-а жүк ташуучу тех. каражаттары ж-а курулмалары бар (кыймылдуу состав, бекет, автоматика ж-а телемех. түзүлүштөрү, диспетчердик борборлоштуруу ж. б.) комплекстүү мамл. ишкана. Мурда Кырг-ндагы т. ж. (1992-ж. чейин) Алматы т. ж-нун башкармалыгынын Фрунзе филиалы болгон. Бул филиал 1992-ж. Кыргыз темир жолу башкармалыгы болуп уюшулуп, анын базасында 2005-ж.
«К. т. ж.» у. к. түзүлгөн. Кырг-нда алгачкы т. ж. каттамы (Луговой – Пишпек) 1924-ж. ишке кирген. Андан кийин бара-бара калган каттамдар (Кувасай – Кызыл-Кыя, Жалал-Абад – Көк-Жаңгак, Фрунзе – Кант, Кант – Токмок ж. б.) курулган. Компаниянын т. ж. тармагы – Түн.
ж-а Түш. болуп бөлүнүп, ага тиешелүү т. ж-дун уз. 423,9 км, (а. и. 60,3 кми Казакстандын аймагында, 101,2 кми Түш. Кырг-нда, калганы түндүктө. «К. т. ж.» у. к-нын курамына 10 структуралык бөлүк кирет. 2011-ж. компания 5879 миң т жүк, 596,9 миң жүргүнчүнү ташыган. Компаниянын кирешеси 2011-ж. 2449,5 млндон 3179,5 млн сомго чейин өскөн, б. а. 703 млн сом таза киреше алган. Ишкана жүргүнчүлөрдү ж-а жүктү ташуу үчүн учурдун талабына ылайык т. ж. вагондорун заманбап модернизациялоодо. Компанияда 6,5 миң адам эмгектенет (2012). Компания Кытай – Кыргызстан –
Өзбекстан, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече –
Арпа ж. б. т. ж-н курууну, о. эле Луговой – Аламүдүн т. ж-н электрлештирүүнү, Луговой – Бишкек – Балыкчы участкасын (347 км) жогорку ылдамдыкка өткөрүүнү, жыгач шпалдарын темир-бетон шпалдарына алмаштырууну пландаштырууда.