«КЫРГЫЗЧА-ОРУСЧА СӨЗДҮК»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗЧА-ОРУСЧА СӨЗДҮК» – кыргыз лек­сикасын дээрлик толук камтыган фундаментал­дуу лексикографиялык эмгек. Автору – академик К. К. Юда­хин. Эки ирет (1940, 1965) басылган. Автор аны 1920-жылдардан тартып кыргыз оозеки тили-

нен, адабий көркөм ж. б. чыгармалардан алып жыйнаган. Сөздүктүн би­ринчи басылышында 25 миң, экинчисинде 40 миң­дей сөз камтылган. Экин­чи басылышында тары­хый сөздөр, архаизмдер жана диалектилик, кесип­тик лексикага тиешелүү, көп маанилүү сөздөрдүн семантикасы бир кыйла толук тандалган; сөздөрдүн көбү фразеологизм­дер, макал-ылакаптар, кыргыз элинин тары­хына, маданиятына, каада-салтына байланыштуу маалыматтар, тиешелүү баяндамалар менен иллю­страцияланган. Сөздүктүн биринчи басылышы эки том болуп түрк тилине которулган (Ан­кара, 1945; Стамбул, 1948). Авторго бул сөздүгү (2-бас.) үчүн 1967-жыл СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйга­рылган.