«КЫРГЫЗДАР»
«КЫРГЫЗДАР» – белгилүү орус тарыхчысы-чыгыш таануучу, түрколог, академик В. В. Бартольддун өмүрүнүн соңку мезгилиндеги эмгеги. -
Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын өтүнүчү б-ча жазылган. Биринчи жолу 1927-ж.
жарык көрүп, 1943-ж. кыргыз тилинде чыккан. Бул эмгекти жазууда автор мурда белгилүү болгон ж-а жаңы табылган чыгыш кол жазмаларын, о. эле араб-фарсы тилиндеги жазма булактардан маалыматтарды пайдаланып, байыркы кол жазмаларда эскерилген «кыргыз» этноними төгүн жерден жаралбагандыгын белгилеген. «К.» ырааттуу жылнаамалар б-ча берилип, 7 бөлүмдөн турат. 1-бөлүмүнө эң байыркы маалыматтар берилип, анда кытай тарыхындагы (Сыма Цянь, Хан тарыхы) кыргыздар (гэгунь, гяньгунь) ж-а алардын байыркы замандан б. з. 6-к-на чейинки тарыхы камтылып, О. Азия элдеринин ичинен тарыхта аты ушунча эрте кезиккен бир да эл болбогондугун далилдеген. 2-бөлүмүндө кытай жылнаамасында (Тан-шу) кезиккен 6–9-к-дагы кыргыздар (хягас, цзегу), алардын башка уруулар (динлин, аз, бома, сеяньто, уйгур, чик, курыкан, ж. б.) м-н этностук-саясий алакалары ж-дө маселелер каралган. 3-бөлүмүндө кытай тарыхы (Тан-шу) ж-а араб, фарсы авторлорунун (Гардизи, Махмуд Кашгари, Худуд ал-Алам) маалыматтарында 9–10-к-дагы кыргыздар (хирхиз), кыргыздардын Улуу державасы, жайгашкан аймагы, бөлөк уруулар (карлук, түргөш, чигил, кимак, тухси, ягма ж. б.) м-н болгон мамилелери, кыргыздар м-н мусулмандардын ортосундагы карымкатнаштар, соода байланыштары ж. б. баяндалган. 4-бөлүмүндө Енисей кыргыздарынын 10- к-дан кийинки тарыхы, моңголдордун кыргыздарды багындырышы ж. б. кытай (Цзинь-ши, Юань-ши), фарсы (Жувейни, Рашид ад-Дин) маалыматтарында баяндалган. Жакында ушул 4- бөлүмдөгү кыргыздарга таандык маалыматтарды тастыктаган дагы бир тарыхый жазма дарек жарык көрдү: Сайшиялдын эски моңголчодон которулган «Чынгызхан жөнүндө баян» (Улан-Уде, 2006) аттуу эмгеги, анда түш. Сибирди мекендеген ойроттор м-н кыргыздарды Жучинин аскерлери кандайча караткандыгы жөнүндө кеңири маалымат берилет. 5-бөлүмүндө 16–17-к-дагы теңир-тоолук (к. Моголстан) кыргыздар ж-дө маалыматтар бар. Аны жазууда В. Бартольд негизинен Мухаммед Хайдар, Махмуд ибн-Вали ж. б-дын эмгектериндеги тарыхый кабарларды пайдаланып, кыргыздардын могол хандары м-н болгон мамилеси, аларга каршы кыргыз-казак биримдиги ж-а Теңир-Тоо кыргыздарынын этногенезине байланышкан айрым маалыматтарга токтолгон. Эмгектин 6- бөлүмүндө 17-к-дагы Енисей кыргыздарынын Алтан-хан, Жуңгар хандыгы ж-а Сибирдеги орус воеводалары м-н мамилеси, ал эми 7-бөлүмүндө 18–19-к-дагы Теңир-Тоо кыргыздарынын калмак, Кокон хандыгы ж-а Россия м-н болгон мамилелери тууралуу маалыматтар берилген. Эмгегинде В. Бартольд кыргыздардын бир бөлүгү 9-к-да Енисейден Теңир-Тоого келип, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин кайра кайтып кетишкен, азыркы кыргыздар Теңир-Тоого 15- к-дын башында ойрот-калмактар м-н кошо келген деген ил. божомолдоону сунуштаган (к. Кыргыздар). Бул эмгек жарык көргөндөн кийин жаңы тарыхый маалыматтардын ж-а археол. материалдардын негизинде Борб. Азиянын тарыхындагы кыргыздардын орду, алардын калыптанышы ж-дө ар кандай көз караштагы эмгектер пайда болгон.
Ө. Караев.