«КЫРГЫЗГАЗ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗГАЗ» – ачык акционердик коом (1998). «Кыргызгазмунайзат» мамл. акционердик компаниянын мүлкүнүн бир бөлүгүнүн ба­засында түзүлгөн. Коом өз ишмердигинде ак­цияларды чыгаруу ж-а жайгаштыруу жолу м-н пайда алуу ж-а каражат тартуу максатын көз­дөйт. КРдин «Энергетика жөнүндө» мыйзамы­на ылайык ал респ-нын керектөөчүлөрүн жара­тылыш газы м-н камсыз кылуу б-ча жалгыз монополист болуп саналат. Анын курамына түндүк магистралдык газ түтүгүнүн активдери м-н борб. аппарат, 5 газ чарба башкармалыгы, магистралдык газ түтүгүнүн түштүк башкарма­лыгы, 4 автомобилдүү газ толтургуч компрес­сордук станция, Кыргыз жүргүзүү-ташуу участ­касы, автотранспорт ишканасы, суюлтулган газ б-ча бөлүктөр ж-а социалдык-турмуш-тиричи­лик объектилери кирет.