«КЫЗЫЛ КОЗУ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КЫЗЫЛ КОЗУ» – Октябрь рев-ясына чейинки соодалашуунун бир түрү. Айрым адамдар, көбүнчө соодагерлер сата турганын (мал, эт, кездеме, кийим, эгин ж. б.) күн мурунтан насыя берип, кийин пайдасы м-н өндүрүп алган. Кышында насыя сатылган нерсе жазгы төлдөн, жайындагысы күзгү семиз малдан кайрылып алынган. «К. к-га» берүү соодагерлердин, сүткорлордун, кызыл кулактардын кошумча пайда табышына шарт түзгөн.