«КЫЗЫЛ КАШТУУЛАРДЫН» КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗЫЛ КАШТУУЛАРДЫН» КӨТӨРҮЛҮШҮ – 17–27-жылдардагы Кытайдагы элдик көтөрүлүш. Көтөрүлүшчүлөр өкмөт аскерлеринен айырмаланыш үчүн каштарын кызылга боёп алган. «К. к.» к. Кытай императору Ван Мандын элди оор абалга алып келген реформаларына каршы чыккан. Ал дыйкан Фань Чундун жетекчили­ги м-н Шаньдун провинциясында башталган. 21-ж. алар Ван Мандын армиясын 2 жолу талкалап, 23–24-ж. империянын борбору Чаньанга карай бет алган. Ошол кезде экинчи тарап­тан (Хубей провинциясынан) да өкмөткө каршы чыгып, Ван Мандан бийлик талашкан Лю Сюандын отряды Чаньанга чабуул койгон. Жерин ж-а мамл. мүлкүн басып алып, чиновниктерди өлтүрүп, салыктарды алып салып, документтерди өрттөгөн. 23-ж. Ван Манды өлтүрүп, борборду ээлеген Лю Сюан бийликти колуна алган. Бирок Фань Чундун отряды Лю Сюандын бийлигин тааныбай, Шэньси провинция­сында анын аскерин талкалап, 25-ж. жайында Чаньанды алган да, койчу Лю Пэн-цзыны тактыга отургузушкан. Буга жооп иретинде Лю Сюан өзүн император деп жарыялап, Фань Чунга каршы күрөш баштаган. «К. к.» к. 27-ж. ак сөөктөрдөн чыккан Лю Сюнун (25-ж. ал Хань династиясынын императорунун титулун алган) аскерлеринен жеңилген. «К. к.» к. дыйкандарга ж-а кулдарга айрым жеңилдиктерди алып келген.