«КЫЗЫЛ АСКЕРЛЕР» КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗЫЛ АСКЕРЛЕР» КӨТӨРҮЛҮШҮ (1351–68), «К ы з ы л б а й л а м ч а н д а р» к ө т ө р ү­л ү ш ү – Кытайдагы ири көтөрүлүштөрдүн бири. Көтөрүлүшчүлөр моңголдордун Юань династиясын кулатып, Мин империясын орноткон. Баштарына кызыл жоолук байланып алгандыктан, «К. а.» к. аталган. Түн. Кытайдагы дыйкандардын моңголдорго ж-а феодалдарга каршы көтөрүлүшүн Хань-Шань-тун (буддачыл жашырын Байляньцзяо (Ак лотос) сектасынын башчысы, 1351-ж. өлгөн) ж-а Лю Футун (секта мүчө­сү, 1351-жылдан көтөрүлүштүн жол башчысы) жетектеген. Моңгол династиясынын акыркы өкүлү Тогон-Тимур (Шуньди) Кытайдан куулуп, 1355-ж. Кытайдын Сун империясы калыбына келтирилген. Хань Линь-эр (Хань Шань-тундун уулу) өзүн император деп жарыялаган, бирок 1362-ж. көтөрүлүш өкмөт аскерлеринен жеңилген. 1351-ж. Борб. Кытайда (жетекчилери: Сюй Шоу-хой, Чэнь Ю-лян), 1352-ж. Янцзы д-нын төмөнкү агымында дыйкандар көтөрүлүшү (Бай­ляньцзяо сектасы жетектеген) чыккан. Бирок Янцзыдагы көтөрүлүштү башкарган шаардык бай Го Цзы-син м-н будда кечили Чжу Юань чжан жерг. феодалдар м-н кызматташып, 50-жылдардын ортосунан көтөрүлүшкө катышкан дый кандар кыймылын кыйраткан. Ал 1367-ж. моңгол башкаруучуларына каршы Түн. Кытай­га жортуул жасап, 1368-жылдын башында алар Мин империясынын түзүлгөнүн жарыялаган ж-а Чжу Юань-Чжан анын 1-императору бол­гон. 1368-жылдын ортосунда Чжу Юань-Чжан­дын армиясы моңголдордун борбору Дадуну алып, Кытайдагы моңголдордун үстөмдүгүн ку­латкан. «К. а.» к. өлкөнү улуттук боштондукка чыгаруу ишин аяктаган.