«КУТАДГУ БИЛИК»
«КУТАДГУ БИЛИК» , «Кут даарыган билим», «Куттуу билим» – түрк элдеринин акыны жана ойчулу Жусуп Баласагунинин философиялык дастаны. Караханиддердин каганы Сулайман Арслан Каракагандын уулу Тавгач Богра (Буура) Каракаган Абу Хасанга (1056–1103) арналып, 1069-жылы жазылып бүткөн. Бул чыгармасы үчүн Жусуп Баласагуни Хасс-Хажип (ордо иштеринин башчысы) даражасын алган. Азыр анын үч нускасы белгилүү: 1) уйгур тилиндеги, 1439-жылы Гератшаарынан табылган нускасы, азыр Вена ш-нда сакталуу турат; 2) 14-кылымдын 1-жарымындагы араб жазмасы аркылуу жеткен, аны немис окумуштуусу Б. Морин 1886-жылы Каирдеги Хидив китепканасынан тапкан; 3) эң байыркысы – Наманган (Фергана) нускасы, 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында араб тамгасына көчүрүлгөн. Аны А. З. Валидов 1918-жылы Мухаммед Хожа эшен Лоляршиттин өздүк китепканасынан таап алган. 1896-жылы академик В. В. Радлов муну сүрөткө көчүртүп, Петербург академиясынын Азия музейине алдырган. Бул көчүрмө Россия ИАнын Чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербург бөлүмүндөгү Кол жазмалар фондусунда сакталуу. Убагында 3-нусканын кол жазмасы жоголуп кетип, 1925-жылы өзбек окумуштуусу Фитрат кайрадан таап алып, Өзбекстан ИАнын Кол жазма фондусуна тапшырган. Кыргыз, орус, түрк, немис, англис ж. б. тилдерге которулган. Жалпы көлөмү 13444 сап жана кара сөз менен жазылган чакан кириш сөзү да бар. «Кутадгу биликте» акын өз доорундагы коомдун түзүлүшү, социалдык топтордун ээлеген орду, өлкөнү башкаруу, саясат жүргүзүү тууралуу ойлорун айткан жана тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык., социолдык ж. б. энциклопедиялык маалыматтарды камтыйт.
Чыг.: Баласагын Жусуп. Куттуу билим/Т. Козубеков которгон/1988; 1993, Б.