«КУЛМЫРЗА МЕНЕН АКСАТКЫН»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КУЛМЫРЗА МЕНЕН АКСАТКЫН» – кыргыз элине кеңири тараган лирикалык дастан. Дастандын сегиз варианты бар. Эл арасында «Мырза уул», «Шамамат менен Аксаткын» деген аттар менен да белгилүү. Дастанда бузукулардын айынан баш кошо албай калган ашык жарлардын сүйүү сезими, кейиштүү тагдыры баяндалат. Ал көлөм жагынан чакан, кошок түрүндө. Эл оозунда Кулмырза менен Аксаткын тарыхта чыныгы болгон адамдар катары айтылат. Бул дастанды айтуучулардын бири Ч. Сыдыков 20- кылымдын 40–50-жылдары «бул болжол менен 100–200 жыл илгери болгон окуя» деп болжолдогон. Кыргыз акындары бул дастандын сюжетине кайрылышкан (А. Осмонов ж. б.).
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.