«КАЛЕВАЛА»
«КА́ЛЕВАЛА» – карел-финн элинин эпосу. Перттунен ж. б. айтуучулардан жазылып алынган. Ал карел, ижор ж-а финн ырларынын негизинде финн илимпозу Э. Лённрот 19-кылымдын 1-жарымында бир түрдүү баяндоо формасына келтирген. Эпостун биринчи композициясы (32 рун) 1835-жыл, экинчиси (50 рун) 1849-жылы басылган. Эпосто элдик музыкалык аспап – кантелени ойлоп тапкан Вяйнямёйнендин, эл жыргалчылыгынын символу болгон сыйкырдуу тегирмен Сампону салган уста Ильмеринендин, баатыр Лемминкяйнендин, бадачы Куллервонун образдары жогорку көркөмдүктө түзүлгөн. «Калевала» – америкалык акын Р. Лонгфеллонун «Гайават жөнүндө ыр» поэмасынын жаралышына, эстон элинин «Калевипоэг» эпосунун кайрадан иштеп чыгышына таасири тийген. «Калевала» дүйнөнүн көп тилдерине которулган. 1949-жылы 100 жылдык мааракеси өткөрүлгөн.
Ад.: Киуру Э. С., Мишин А. И. Фольклорные истоки «Калевалы». Петрозаводск, 2001.