«ИЛИМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИЛИМ» – КР УИАнын илимий китеп чыгаруучу басмасы. 1955-жылы уюштурулган. Ошол эле жыл­дары ал жалпы көлөмү 201 басма табакты түзгөн 36 ар кандай аталыштагы китеп, китепче, мо­нография, жыйнак басып чыгарган. 1964-жыл­дан «Илим» деген аталышта. Басмадан жарыяла­нуучу адабияттын тематикалык пландары жылдан ­жылга кеңейип отуруп, 1975-жылы андан коом­дук ж-а табият таануу илимдери боюнча жалпы нускасы 52 миң 82 аталыштагы китеп жарык көргөн. «Илимде» 3 тармактык: коомдук илимдер; химия-технология ж-а биология; физика, тех­ника ж-а математика редакциялары иштейт. Анын полиграфиялык базасы м-н басмасы заманбап рынок шартында улам жакшыртылып, соңку жылдарда жаңы жабдуулар м-н жабдылып, сырттан түшкөн түрдүү адабият, заказдарды да ба­сып чыгарууда.