«ИЙГИЛИК»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ИЙГИЛИК» – ачык акционердик коом (2004). Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында кыш заводу катары негизделип‚ 1936-жылы өз алдынча ишкана статусун алган. Адегенде заводдун борбордук аймагында жалпы көлөмү 1264 м3 тегерек меш салынса‚ 1970-жылы мындай мештен төртөө курулган. Заводдо адеп бардык иш кол күчү м-н бүткөрүлгөн. 1956-жылдан механикалаштырыла баштаган. 1996-жылы завод менчиктештирилген. Заводдо жылына 51 млн 977 миң даана сапаттуу кыш чыгарылат (2004).