«ИГОРДУН КОШУУНУ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИГОРДУН КОШУУНУ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ» – 12-кылымдын аягындагы байыркы орус адабиятынын классикалык чыгармасы; Новгород князы Игорь Святославичтин 1185-жылы кыпчактарга (поло­вецтерге) каршы чабуулу жөнүндө белгисиз автор жазган баян. Лирикалык-эпикалык жанрда­гы «Сөз» – 12-кылымдагы орус, украин ж-а белорус элдеринин орток мурасы. 18-кылымдын 90-жылдарын­да граф А. И. Мусин-Пушкин Ярославль шаарынан таап, азыркы орус тилине которуп, 1800-жылы Москвада басылып чыккан. «Сөздүн» мотивдери ж-а образдары А. Н. Радищев, В. А. Жуков­ский, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, К. Ф. Рылеев, Н. М. Языков, А. Н. Островский, А. А. Блоктун чыгармаларында чагылдырылган. Анын неги­зинде адабият ж-а искусство чыгармалары жазылган. «Сөз» кезегинде СССР элдеринин ж-а көп чет тил­дерге которулган. В. А. Жуковский, К. Д. Баль­монт, Н. А. Заболоцкий, Л. И. Тимофеев ж. б. «Сөздү» поэзиялаштырган. Анын мотивинин не­гизинде А. П. Бородин «Князь Игорь» операсын жазган. Кыргыз тилине С. Наматбаев которгон (1986).