«БЕКБЕКЕЙ»
«БЕКБЕКЕЙ» – кыргыз оозеки адабий музыкалык чыгармачылыгындагы эмгек ырлар "Оп майда”, "Шырылдаң", "Тон чык" сыяктуу ырлардын бири. Ал көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чыккан. «Бекбекей» дегендин этимологиясы жөнүндө кыргыз фольклористикасында эки ача пикир бар. Айрым илимпоздор (М. И. Богданова) ырдагы «Бекбекей», «Саксакай» деген аттарды байыркы көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлер (колдоочулар) деп болжолдосо, айрымдары (Ж. Таштемиров) «Бек! бек! эй!» жана «Сак! сак! эй!» деген этиштик кыйкырыктардан затташуу жолу менен келип чыккан деп ой жоруйт. Бул эки пикир тең тек гана божомол мүнөзүндө. «Бекбекей» ырын жайкы түндө короо күзөткөн жаш уландар, көбүнчө кыз-келиндер жөн эле кыйкыра беришпестен, ошол көрүнүштөрдү, өзүлөрүнүн максаттарын ырдап, түн күзөтүн көңүлдүү өткөрүүгө аракет кылышкан. Бара-бара короону ырдап күзөтүү салтка айланып кеткен.
"Укуругум долоно,
Ууру, бөрү жолобо,
Камчымдын сабы долоно,
Каапыр ууру жолобо" деген саптар бар. Ырдын текстинде байыркы поэзиядагы магиялык элементтер менен соңку лирикалык ырлардын мотивдери айкалышып кеткен. «Бекбекей» ырынын бир нече варианты бар, варианттарда айырмачылыкка караганда окшоштуктар басымдуураак. «Бекбекей» лирикалык мүнөздөгү обон менен аткарылган. Анын обону А. Аманбаев менен С. Германовдун «Айша менен Айдар» операсында, М. Абдраевдин «Суусамыр» симфониялык поэмасында пайдаланылган. Бекбекейди «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли түпкү өзөгүн бузбай, мукамдуу аткарат. Бекбекей — адатта жайкысын короо кайтарганда ырдалган. Мал чарбачылыгы менен күн көргөн көчмөндүү турмушта койдун, жылкынын ролу өтө чоң болгон. Мурдагы заманда уурудан, бөрүдөн короону кайтаруу зарылдыгы турган.
Ад.: Закиров С., Токомбаева А. Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү. Ф., 1981; Богданова М. Киргизская литература. Очерк. М., 1947; Виноградов В. С. Киргизская народная музыка. Ф., 1958.