МУЗЫКАЛЫК ЭСТЕТИКА
Jump to navigation
Jump to search
МУЗЫКАЛЫК ЭСТЕТИКА (грекче aisthetikos – сезим, сезим таасири) – музыканы көркөм өнөрдүн түрү катары үйрөнгөн музыка таануу илиминин тармагы. Ал көркөм өнөрдүн жалпы өзгөчөлүгү, музыка өнөрүнүн жеке мүнөзү менен сезим таасирлеринен жаралган кейиптердин мыйзам ченемдүүлүгү ортосундагы байланыштарды диалектикалык бирдикте карап үйрөнөт, изилдейт. Музыкалык эстетика философиялык эстетика менен байланышта жана анын жалпы усулун пайдаланат, ага таянат. Музыкалык эстетика XIX кылымдын аягында музыка таануунун өзүнчө багыты катары бөлүнүп чыккан. Азыркы учурда музыкалык эстетика музыка өнөрүнүн баалуулугун, тарыхый өнүгүүсүнүн, жашоонун бирдиктүү мыйзамы жана музыка өнөрүнүн жеке өзгөчөлүгү ортосундагы байланышты жана башка багыттарды изилдөөдө.