МУЗЫКАЛЫК ЧЫГАРМАНЫ ТАЛДОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МУЗЫКАЛЫК ЧЫГАРМАНЫ ТАЛДОО (грекче analysis – бөлүктөргө бөлүү, ажыратуу, талдоо) – музыкалык чыгарманын түзүлүшүн үйрөнгөн, изилдеген, талдаган музыка илиминин тармагы. Музыкалык чыгарманы талдоо илими музыкалык чыгарманын бардык көркөм каражаттарынын бир максатка баш ийүүсү, бир максатты көздөөсү жана ага жетүүгө болгон аракетинин натыйжасы катары карайт. Ошондуктан музыкалык чыгарманы талдоо илими бүтүндөй бир көрүнүштү бардык жагынан талдоочу, үйрөнүүчү илим болуп эсептелет. Албетте, музыкалык чыгарманын көркөмдүк каражаттарынын өздүк бөлүгү болгон гармония, полифония, ыргактык түзүлүш жана башка өз алдынча бөлүнүп изилденүүсү да мүмкүн. Анда алар гармониялык, ыргактык изилдөөлөр болуп бөлөк-бөлөк аталат. Музыкалык чыгарманы талдоо максаты музыкалык чыгарманын жалпы түзүлүшүнүн өнүгүү логикасын, аларды ишке ашыруу жолдорунун конкреттүү тарыхый-маданий алкакта, чыгармачыл багыттарда колдонулушу, музыкалык жанрларга тийгизүүчү таасири жана башка боюнча кеңири изилдөө болуп саналат.