МУЗЫКАЛЫК ЧЫГАРМАНЫН TҮЗҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МУЗЫКАЛЫК ЧЫГАРМАНЫН TҮЗҮЛҮШҮ (формасы) (грекче morpha, латынча forma - түс, сырткы көрүнүш, кейип, кооздук) - 1. Музыкалык чыгарманын түзүлүш түрлөрүнө сонаталык түзүлүш, фуга, канон жана башкалар кирет. Музыкалык чыгарманын түзүлүшү кээ бир учурда музыкалык чыгарманын жанры менен төп келет (мисалы, концерт, месса жана башкалар). Татаал түзүлүштөгү музыкалык чыгарманын бөлүмдөрүнүн жайгаштырылышы да адатта музыкалык чыгарманын түзүлүшү деп аталат. 2. Чыгарманын мазмунун музыкалык көркөм каражаттардын (ладдын, гармониянын, өлчөмдүн, тембрдин жана башкалар) жардамы менен чагылдырууну ишке ашыруу. Музыкалык чыгарманын түзүлүшү ар бир чыгарманын добуштук түзүлүшүнүн айгинелеп турат, ар бири өз алдынчалыкка ээ. 3. Музыкалык чыгарманын түзүлүштү үйрөнгөн, изилдеген окуу тармагынын, илимдин аталышы.