МУЗЫКАЛЫК СОЦИОЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
МУЗЫКАЛЫК СОЦИОЛОГИЯ - коом менен музыка өнөрүнүн байланышын изилдөөчү илим. Илимий музыкалык социология музыка менен коомдун карым-катнаш мыйзам ченемдүүлүгүн үйрөнөт, анын түрлөрүн аныктайт. Эмпирикалык музыкалык социология музыкалык турмуштун конкреттүү бөлүктөрүн жалпылайт, тактайт. Музыкалык социология музыка өнөрүнүн маселелерин чечүү, башкаруу тажрыйбасына кызмат кылып, анын өнүгүү багыттарын аныктоого негиз болот. Музыкалык социология XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында калыптанган.