МЕХТАРИ МУЗЫКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МЕХТАРИ МУЗЫКАСЫ (персче мехтap – аспапчы устат) – Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө байыртан кеңири кезиккен аскер оркестринин Түркиядагы аталышы. Мехтари музыкасы XIII–XIV кылымдарда алгач Рум султанатында, андан кийин Осмон падышалыгында калыптанып, өнүгүп-өскөн. Түрк жоокерлеринин Европага жасаган жортуулдары учурунда ал континенттин өлкөлөрүнө өз таасирин таратып, бүгүнкү аскер музыкасынын жана аскер оркестрдин калыптанышын шарттаган. Мехтари музыкасы аткарган аскердик оркестрдин курамына добул, керней, сурнай, сыбызгы, жез табактар жана башка үйлөмө музыкалык аспаптар кирген, (к. Янычар музыкасы).