МЕНЗУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МЕНЗУРА (латынча mensura өлчөм, чен) – 1. Музыкалык аспаптарды үйрөнүү илиминде аларды сыпаттоо ыкмасы; органдын жана жалпы эле үйлөмө музыкалык аспаптардын түтүгүнүн диаметри менен узундугунун катышы. Бул көрсөткүч аспаптын тембрин аныктайт. Кылдуу аспаптардын мензурасы – алардын кылынын чертилүүчү бөлүгүнүн узундугу 2. Мензуралык нотациялагы ыргактык бирдик. Ал добушту үлүштөргө бөлүүдөн келип чыккан.