ЛУМЗДЯЛИС
Jump to navigation
Jump to search
ЛУМЗДЯЛИС, лумждис, ламз делис, дуделе – литвалыктардын аэрофондор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Добуш алууну оңойлоткон ышкырык жылчыгы бар. Лумздялистин узундугу 150-400 миллиметр. 3-8 көзөнөктүү. Диатоникалык добуш катарында. Лумздялисти көбүнчө мал кайтаргандар ырды, бийди коштоодо колдонушкан.