ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР – аскер бөлүктөрү м-н бирикмелерин инж. жактан камсыз кылуу­чу атайын аскерлер. И. а. көпчүлүк мамлекет­тин куралдуу күчтөрүндө ар кандай жумуштар­ды, аткаруучу кошуундар, бөлүктөр ж-а бөлүкчө­лөрдөн – сапёр-инж., чабуулчу, тосмолоочу, жол инж., көпүрө куруучу инж., куруучу инж. ж. б. атайын адис топтордон турат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө сапёр-инженер, тосмолоо инж., тех. инж., талаада суу м-н жабдуу, минадан таза­лоо топтору, жол инж., көпүрө куруучу инж. ж. б. түрү бар. И. а-дин негизги милдеттери: инж. чалгындоо, чектерди, өңүттөрдү, аймактар­ды райондорду ж-а башкаруу пункттарын фор­тификациялык жабдуу, инж. тосмолорду орно­туу, талкалоолорду даярдоо ж-а жүргүзүү, тос­молорго өткөөл жасоо ж-а кармоо, жерди ж-а объекттерди минадан тазалоо, аскерлердин кый­мыл ж-а маневр жолдорун даярдоо ж-а кармоо, суу өткөөлдөрүн жабдуу ж-а кармоо, талаада суу м-н жабдуу жайларын түзүү, аскерлерди та­лаада электр кубаты м-н камсыз кылуу, аскер­лерди ж-а объекттилерди чүмбөттөө ж. б. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө инж. бөлүм 1992-жылдын 1-январында КРдин Коргоо министрлигинин ку­рамында түзүлгөн. 2005-жылдын сентябрь айы­нан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта­бынын инж. башкармалыгы деп аталат.

Э. Кадыров.