ИНДУКЦИЯЛЫК ЭЛЕКТР ӨЛЧӨГҮЧ
Jump to navigation
Jump to search
ИНДУКЦИЯЛЫК ЭЛЕКТР ӨЛЧӨГҮЧ – өзгөрмө токтун тизмектериндеги электр чоңдугун өлчөгүч түзүлүш. Ал магнит системасынан (электр-магнит), кыймылдуу бөлүктөн ж-а туруктуу магниттен турат. Анын кыймылдуу бөлүгү – жука алюминий же латун диск, ал магнит агымы индукциялаган токтун өз ара аракетинен кыймылга келет. Бул принциптин негизинде амперметр, вольтметр, ваттметр, фазометр ж. б. көп приборлор жасалат. Мындай алет (прибор) магнит агымынын санына жараша бир агымдуу ж-а көп агымдуу болуп, интеграл өлчөгүч алет деп аталат. Индукциялык өлчөгүчтүн өздүк магнит талаасы чоң болгондуктан, сырткы магнит талаалары алардын ишине таасир бере албайт. Ал электр энергиясын аз чыгымдайт ж-а жыштыгы өзгөрбөөчү тизмектерде колдонулат.