ИНДОЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНДО́Л , 2, 3 – б е н з о п и р р о л, С8Н7N – ароматтык бирикме, жагымсыз жыттуу, түссүз кристаллдар. Мол. м. 117,18, эрүү t 52°С, кайноо t 153°C. И. ысык сууда, орг. эриткичтерде, суюк

аммиакта эрийт. Таш көмүр ча­йырында, кээ бир эфир майында кез­дешет. И. таш көмүр чайырынын наф­тилин фракциясынан дегидрирлөө ж-а андан ары циклдештирүү м-н алынат. И-дун бирикмелери биол. активдүү заттар, мис., 3-индолилук­сус к-тасы, серотонин ж. б. И. гете­роауксинди, триптофанды син­тездөөдө, парфюмерияда колдону­лат.