АЧЫЛОВА Рахат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЧЫЛОВА Рахат [30. 5. 1941, Ош облусу, Баткен району, Говсувар айылы ‒ 5. 3. 2015, Бишкек] ‒ философ, философия илимдеринин доктору (1988), профессор (1989). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1958), КМУнун тарых факультетин (1963) Ленинград университетинин аспирантурасын (1969) бүтүргөн. 1966‒87-жылдары КМУда социологиялык лабораториясынын, философия кафедрасынын башчысы, 1987‒92-жылдары Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтунун ректору, 1993‒95-жылдары Кыргызстан айыл чарба университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан КМУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору. КРдин Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган (1995‒2000). 150дөн ашык илимий эмгектин, (анын ичинде 3 монография) автору. Алар негизинен коомдогу үй-бүлөнүн орду, аялдардын абалы, билим берүү, маданият маселелерин изилдөөгө багытталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Семья и общество. Ф., 1986; Женское образование в современном Кыргызстане. Б., 1990.