АУСКУЛЬТАЦИЯ
АУСКУЛЬТА́ЦИЯ (лат. auscultatio ‒ тыӊшоо) ‒ адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр ж. б.) чыккан добушту тыӊшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Б. з. ч. 2-кылымдарда грек дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыӊшаган, ал эми француз дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (медициналык түтүк) колдонуп, Аускультация методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө жана бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыӊшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун жардамы менен) тыӊшап ичеги-карындын жыйрылуусун, ошондой эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.