АТ-ТАБАРИ
АТ-ТАБАРИ (арабча الطبري), Абу Жафар Мухаммад ибн Жарир ибн Йазид ибн Касир ат-Табари [838/9 (хижра жылы боюнча 224), Табарстан (азыркы Иран мамлекетиндеги Мазендеран провинциясы), Амол шаары – 16. 2. 923 (хижранын 310-жылы), Багдад] – араб тарыхчысы, «Тарих ар-русул ва-л-мулук» («Пайгамбар жана падышалардын тарыхы») аттуу эмгектин автору. Анда араб халифатынын, пайгамбар, халифтердин тарыхы, арабдардын Орто Азияга жортуулу, ошондой эле халифаттын айланасындагы тарыхый окуялар хронологиялык тартипке салынып, иреттүү түрдө баяндалат. Анын басымдуу бөлүгүн азыркы Иран, Афганстандын түндүк аймактарынан баштап, Орто Азия жана анын түндүк-батышындагы өлкөлөр тууралуу маалыматтар ээлейт. Бул эмгек көпчүлүк илимий чөйрөдө «Тарих-и ат-Табари» деген аталыш менен белгилүү. Жети жашында куранды жатка билип, 9 жашынан хадистерди жаза баштаган. Рей, Басра, Куфа шаарларында жашап, бир нече жолу Сирия, Палестина жана Египет өлкөлөрүндө болгон. Байыркы мезгилден 9-кылымга чейинки дүйнө тарыхын камтыган бул эмгегин 914-ж. жазып бүтүргөн. Алгач 30 000 барактан туруп, кийинчерээк автор тарабынан кыскартылган. Араб тили боюнча адис де Гуе (1836–1909) Ат-Табаринин тарыхын басып чыгаруу үчүн эл аралык комитет түзүп, аны жетектеген (1879–1901). 1838–1853-жылдары немец тарыхчысы И. Козегартен (1792–1860) фарсы, чагатай жана мусулман авторлору колдонгон версияларынын негизинде ат-Табаринин тарыхын латын тилине которуп, басып чыгарууга аракет жасап, болгону үч томдугун (же кол жазманын 5%ин) чыгарган. Ат-Табаринин тарыхынан таңдалма үзүндүлөрдү алгач В. И. Беляев (1902–1976) орус тилине которгон. «Ат-Табаринин тарыхынын» 40 томдугу 1980–2000-жылдары АКШда англис тилинде басылып чыккан.
Ад.: Крачковская В. А,. Крачковский И. Ю. Древнейший арабский документ из Средней Азии. //Согдийский сборник, Л., 1934; Арабские и персидские источники. //Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. I, М.–Л., 1939; История ат-Табари. Таш., 1987.