АТРИБУЦИЯ
АТРИБУ́ЦИЯ (лат. attributio ‒ таандыктык) ‒ 1) адабият таанууда көркөм чыгарманын авторун же анын кайда, качан жазылганын аныктоо. Атрибуция ‒ текстологиянын илгертен бери келаткан өтө орчундуу маселелеринин бири. Адабий чындыкты ачуу үчүн Атрибуциянын тарыхында методологиялык трагедиянын автору жөнөкөй актёр Шекспир болууга мүмкүн эмес деген шектүү ойлор пайда болгон. Мындай маселелер Атрибуциялык далилдер менен чечилген. Атрибуциялык далилдерди изилдөө үч топко бөлүнөт: документ фактылар, тексттин идеялык-образдык мазмунундагы мүнөздүү белгилер жана тил менен стилди анализдөө; 2) искусство таанууда Атрибуция негизинен чыгарманын стилистикалык жана технологиялык өзгөчөлүктөрүн (материалын, композициясын, сүрөтчүнүн жекече манерасын ж. б.) анализдөөгө негизделет. Атрибуцияда чыгарманын сюжетин жана кимге арналгандыгын ачуу, тарыхый-маданий маалыматтарды пайдалануу чоӊ роль ойнойт. Мурда Атрибуция адистердин эмпириялык билимине жана божомолуна негизделип келсе, 19-кылымдын аягынан илимий-стилистикалык анализге, химиялык жана физикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ж. б. таянат.