АРСТАН топ жылдызы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРСТАН– зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан Арстан топ жылдызынын α, β, δ, θ, γ, ξ, η, λ, μ, ε ж-a λ жылдыздары арстанды элестетет. Арстан топ жылдызынын өтө жарык жылдызы (α-Арстан) – Регул. Регулдун айланасында айланган эки жылдыздын чоңдуктары 7,6m жана 13m. Арстан топ жылдызынын γ -Арстанынын бирөө сары түстө, экинчиси кызгылт түстө болуп, кош жылдыздарды түзөт. Арстан топ жылдызына тушма-туш аймактан галактикалар табылган. Ноябрь айында радианты а=152°, δ =+22° болгон Леониддер – метеор уюгу байкалат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан кышында жана жазында көрүнөт.