АРАГОН тарыхый облусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАГОН, А р а г ы н – тарыхый облус. Испаниянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Аянты 47,7 миң км2. Калкы 1,321 млн адам (2019). 3 провинциядан турат: Сарагос, Теруэль, Уэска. Башкы шаары – Сарагоса. Арагон аймагын байыртадан иберлер, кельттер, басктар мекендешкен. Б. з. ч. 3-кылымдын аягынан Римдин, б. з. 395-жылдан Батыш Рим империясынын бийлиги астында. 5–8-кылымдардын башында вестготтор, кийин мусулмандар бийлеген. 800-жылга жакын ал Каролинг мамлекетинин испан маркасынын бир бөлүгү болгон. 9-кылымда Арагон дарыя бассейнинде көз карандысыз Арагон графтыгы негизделген. 10-кылымда аны Наварра падышалыгы басып алган. 1035-жылы Наварра бөлүнгөн соң, Арагон көз карандысыз королдукка айланган. Реконкистанын жүрүшүндө А. Уэска, Барбастро, Сарагоса (1118-жылдан Арагондун борбору) шаарын басып алып, мамлекеттин чек араларын кеңейткен. 1137-жылы жеке союздун базасында Арагон менен Барселон графтыгы биригип, Арагон королдугу аталган. Кийинчерээк Арагондун курамына Каталониянын айрым жерлери, Руссильон графтыгы жана Франциянын түштүгү кирген. 13-кылымда Арагон королдугу маврларды, Балеар аралынн, Валенсияны, 1282–1302-жылдары Сицилия, 1326-жылы Сардиния, 1442-жылы Неаполитан королдуктарын караткан. 1479-жылы Арагон менен Кастилия биригип, бирдиктүү Испания мамлекетинин негизин түзгөн. Aрагон Испаниянын провинцияларынын бирине айланган, бирок узак убакыт бою өзүнүн мурдагы көз карандысыздыгын сактап келген. Наполеон бийлигине каршы «көз карандысыздык үчүн согуш» (1808–14), Карлист согуштары (1833–40, 1872–76), айрыкча 1936–39-жылдардагы жарандык согуш мезгилинде согуш аракеттеринин аренасы болгон. Арагон 1982-жылдан Испаниянын автономия облусу. Жарандык эркиндиктер калыбына келтирилип, демократияга өтүү башталган. Жергиликтүү парламент (Кортес), жергиликтүү бийлик жана сот адилеттиги калыбына келтирилген.