АРАБАЕВ Ишеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАБАЕВ Ишеналы (туурасы Эшеналы) (1882, азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Күн батыш айылы – 7. 6. 1933, Ташкент шаары) – алгачкы илимпоз-агартуучу, коомдук ишмер, туңгуч «Алиппенин» автору. Ал өзү туулган аймактагы кат билгендерден, молдолордон окуп сабатын ачкан. 1900-жылы орус-тузем мектебин бүткөн. 1909-жылга чейин Кочкор өрөөнүндөгү айылдарда мугалим болгон. Кийин билим алуу үчүн Теге­ран, Багдад, Оренбург, Казань, Уфа шаарларына барган. Оренбургдагы «Хусейин» медресесине барып бир жыл окуган соң, 1910–13-жылдары Уфа шаарында дин сабагы менен бирге европалык үлгүдөгү «Галия» медресесинде окуган. Ал өзүнүн илимий жана агартуучуу­лук эмгектерин ошол кезде эле жазып баштаган. Өз заманынын ойчул, «заманчыл» акыны Шамыркан уулу Молдо Кылычтын «Кысса-и-Зилзаласына» баш сөз жазып, аны 1911-жылы Казань шаарынан чыгарган. Бул кыргыз тарыхында араб ариби менен кыргыз тилинде чыккан биринчи китеп болгон. Андан көп өтпөй казак К. Сарсакеев менен биргелешип, кыргыз, казак балдарына арналган туңгуч «Алип-бээ жаки төтө окуу» (сулуу жазуунун үлгүлөрү) аттуу окуу китебин жазган (1911). Окуу китебинин жаңы ыкмада мазмундуу жазылышы балдардын бат эле кат таанып, сабаттуулукка жетишүүсүнө шарт түзгөн. Ушуга удаа эле казак-кыргыз тилинде жазылган «Жазуу өрнөктөрү» аттуу китебин (1912) Оренбург шаарындагы «Вакыт» басмасынан чыгарган. Ал жазуучулук, журналисттик кесипти да өздөштүргөн. 1912-жылы «Айкал» казак журналына медреседе кыргыз-казак бай-манап, төрөлөрдүн гана балдары окуп, ал эми кедей-дыйкандын жана жетим балдардын окуй албагандыгын катуу сындап жазган. 1914-жылы «Галия» медресесин бүтүп келип, азыркы Тоң районундагы Тогуз-Булак айылында атайы тигилген боз үйдө, кийин Төрткүл айылында мектеп ачкан. 1916-жылкы көтөрүлүштө Кытайга качууга аргасыз болгон. 1917-жылы кайтып келип, совет бийлигин орнотууда жана аны чындоодо бир топ коомдук саясий иштерди аткарган. Кытайлык кыргыз качкындарына жардам берүүнү, кытай бийликтери менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү ж. б. маселелерди көтөргөн. Ошол учурдагы казак интеллигенттери тарабынан түзүлгөн «Алаш» партиясынын Кыргызстандагы бөлүмүн уюштурууга, анын программасын түзүүгө катышкан. 1918–24-жылдары Түркстандын Жети-Суу облусунда жооптуу кызматтарда иштеген. И. Арабаев тоолуу райондорду бириктирген Тоолуу Кыргыз облусун түзүү демилгесин да көтөргөн. Кийин Кара-кыргыз автономия облусу түзүлүп, өзүнчө гезит ачуу маселеси козголгондо И. Арабаев кыргыздын туңгуч гезитине «Эркин Тоо» аттуу макала жарыялоо менен анын аталышын аныктаган. Ал саясий жана агартуучулук ишмердигин айкалыштырган, ошол эле учурда мугалимдердин алгачкы даярдоо курстарын уюштурган. Окутуучулук ишмердигин андан ары улантып, кыргыз мектептерине арнап окуу китептерин жазган. Шериктештери менен бирдикте кыргыз алфавитин түзгөн (1917). Андан соң «Алип-бээ» (Ташкент, 1924), «Кыргыз алип-бээси» (1925), «Жазуу жолунда саамалык» (1925), «Сабатсыздыкты жоюу куралы» (1925), «Жаңылык» чондор үчүн алиппе (К. Карасаев менен бирдикте, 1928), «Биздин мектеп» балдар алиппеси (1930), «Эл адабиятын жыйноочуларга колдонмо» (1931), «Табият таануу» (Д. Исмагунов менен бирдикте, 1932) аттуу окуу китептерин

­

АРАБАЕВ 24.png

жазган. Кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдеген жана көп китептерди которгон. Ошондой эле Боогачынын «Секетбайын» жана фольклордук ма­териалдарды жыйнаган. 1922-жылы Сагымбай Орозбак уулунан «Манас» эпосун жазууну уюштурган. 1925-жылы Тыныбектин айтуусундагы «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» эпизодун жазып алган, кийин аны Москвадан чыгарган. 1925-жылы «Отузчулар» тобун түзүшкөн. 1933-жылы 11-май күнү негизсиз саясий айып коюлуп камакка алынган. Ошол эле жылы 7-июнда Ташкенттин түрмөсүндө каза болгон. 1958-жылы толугу менен акталган. Бишкектеги «Ак-Өргө» жаңы конушунун бир көчөсүнө, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине анын ысмы берилген жана ошол эле университеттин алдына эстелиги тургузулган (1993).
Ад.: Маанаев Э., Осмонкулов А, Э. Арабаев – кыргыз элинин алгачкы агартуучу-окумуштуусу жана саясий-коомдук ишмери. Б., 2002.

М. Мамыров.