АПАХИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПАХИДА– V кылымдын 2-жарымына таандык Трансильваниядагы археологиялык эстелик. Түндүк Батыш Румыниядагы Клуж – Напока шаарынын чыгышында, Апахида кыштагынын аймагында бири биринен 250 мден 500 мге чейинки аралыкта жайгашкан үч көрүстөн. Алгач 1889-жылы, кийин 1968–1969-жылдары, 1978–1979-жылдары казылып, бирок толук изилденген эмес. Изилденген көрүстөндөн тереңдиги 2 м келген казанакта жыгач табытка салынып, башы кыбыланы каратып жаткызылган маркумдун сөөгү табылган. 1-көрүстөндө бетине рельефтүү сүрөт түшүрүлгөн 2 күмүш кумура алтын рим фибуласы, билерик, 3 шакек («omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар жfана башкалар; 2-көрүстөндө оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук жана башка ат жабдыктары; 3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар жана башкалар кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар - гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар Элдердин улуу көчүү доорунда вар­вар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.