АНТРОПОМОРФИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОМОРФИЗМ (антропо... жана ...мор­физм) – материалдык жана руханий объекттерге: тоо-таштарга, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, мифологиялык каармандарга (күчтөргө) адам сапаттарын ыйгаруу. Бул көрүнүш байыр­кы диний ишеничтер менен тыгыз байланыштуу. Ал тууралуу кыргыздын көөнө фольклорунан көрөбүз. Анда жаныбарлар (айбанат, канаттуу) жана жансыз нерселер адамча сүйлөйт («Эр Төштүк» эпосундагы – Чалкуйрук, «Кожожаштагы» -Сурэчки, «Кыямат» романындагы – Акбара).