АНАРОВ Айтбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНАРОВ Айтбай (1904, Ош облусу, Араван району, Ачы айылы – 30.1.1989, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1936-жылга чейин «Ачы», «Комсомол» колхоздорунун башкармасынын төрагасынын орун басары, 1936-жылдан Ош облусунун Араван районундагы «Коммунизм» колхозунун башкармасы. Ал жетектеген колхоз алдынкы чарбага айланып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү артып, коомдук малдын саны көбөйүп, кунардуулугу жогорулаган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

АНАРОВ 1 71.png