АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ – Грек-Бактрия дооруна (биздин заманга чейин 4-2 кылым) таандык эстелик. 1877-жылы Самарканддан Кундузга кеткен жолдогу Аму дарыянын кечүүсүнө жакын жерден табылган. Амударыя казынасынын табылгасы 179 алтын, 7 күмүш буюм, 1300 коло тыйындан турат. Бул табылга 1897-жылы Индия аркылуу «Британия» музейине жеткирилген.
Анда алтындан куюлган статуялар, билериктер, ат, араба, эчки, каз, балык жана башка бар. Амударыя байыркы көчмөн сак жана скиф урууларынын жакындыгы бар экендигин далилдейт.