АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛ Үсөнбаев (1894-жыл, Талас облусу, Манас району, Кара-Арча айылы – 2. 8. 1963-жыл, Фрунзе шаары) – төкмө акын. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Алымкул 12 жашында ата-энесинен ажырап, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон. 14 жашынан ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына таанылат. Кыргыздын улуу демократ

АЛЫМКУЛ 19.png

акыны Токтогулга 15 жашында жолуккан. Көз карашы калыптанып келаткан жаш ырчыга Токтогул акыл-насаатын айтып, ээрчитип жүрүп, өнөрүн үйрөтүп, чыгармачылык багыт берген. Алымкул 25–26 жашында Талас өрөөнүнө таанымал болот. 1931-жылы Покровка районундагы «Арал» колхозуна мүчө болуп, колхоз турмушу акындын негизги темасына айланат. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына өтөт. Республиканын аймагын аралап, жаңы адамдар менен таанышуу анын акындык чеберчилигин арттырып, ырларынын идеялык маңызын тереңдеткен. 1938-жылы «Ырлар» аттуу 1-жыйнагы чыккан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Алымкул элди жеңишке үндөп, жоокерлердин эрдигин даңазалаган ырларды чыгарган. 1943-жылы Ленинградга Кыргызстандан жардам катары 34 вагон тамак-аш жиберилген. Аны коштогон делегациянын катарында Алымкул да болгон. Ал кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын жакшы билген. Андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандары жазылып алынып жарыяланган. А. Үсөнбаев чебер комузчу жана уккулуктуу үнү бар аткаруучу да болгон. Токтогул жөнүндө бир нече баалуу эскерме жазып калтырган. Токтогулдун ырларын жыйнап бастырууда зор эмгек сиңирген. Анын «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Согушуп жаткан эрлерге» (1942), «Ырлар жыйнагы» (1947), «Комуз» (1949), «Улуу дос» (1950), «Тынчтык жана эмгек тууралуу ыр» (1955), «Тоо булбулу» (1956), «Тандалган чыгармалардын бир томдугу» (1973, 1981) жана башка китептери жарык көргөн. Алымкул Үсөнбаев – Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку шайланышынын депутаты. Бишкек шаарында бир көчөгө, Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы мектепке, Ош облусунун Ноокат районунун Арал айылындагы мектепке, Өзбекстандын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун Моңол айылындагы мектепке Алымкул Үсөнбаевдин ысмы берилген. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Байходжоев С. Алымкул Үсөнбаев. Ф., 1962; История киргизской советской литературы. М., 1970.
Б. Алагушов.