АЛЫМКУЛОВ Салмор Аманович
АЛЫМКУЛОВ Салмор Аманович (27.8.1955-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Жаңы-Чек айылы) – техника илимдеринин доктору (2005), профессор, КРдин илим жанa техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (2005), КРдин илим жанa техника боюнча жаштар сыйлыгынын лауреаты. Ленинграддагы В. И. Ленин атындагы электр техникалык институтун бүтүргөн. ФПИде кафедра башчы, КР УИАда улук илимий кызматкер, КРдин Өкмөтүнүн алдындагы комиссияда башкы адис, «Кыргызтелеком» АКнын биринчи президенти (1997–99), КРдин биринчи вице-премьер-министринин, Транспорт ж-a коммуникация министринин кеңешчиси (2001–05). 100дөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы, 8 окуу-усулдук куралдары жарык көргөн, ойлоп табуу боюнча 5 патенттин ээси.
Эмг.: Оптические накопители цифровой информации (в соавторстве). Б., 1993; Передача и обработка информации акустооптическими устройствами (в соавторстве). Б., 1999.